www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралганы турат (Жазык-аткаруу кодексине, Жазык кодексине жана Жазык-процессуалдык кодекске). Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев өзүнүн Telegram-каналында билдирди.

Анын айтымында, документ кылмыштардын кайталанышы (рецидив) деген түшүнүктү киргизүүнү карайт. Мындан тышкары, кылмыш жасоодон иммунитет берүүчү өзгөртүү киргизүү сунушталууда.

- Конституциялык түзүлүштү, улуттук, экономикалык, маалыматтык, экологиялык жана башка коопсуздукту коргоо максатында жасалган аракет кылмыш деп эсептелбейт. Демек, кимдир бирөө сиздин мүлкүңүздү талкалап, муну экономикалык коопсуздук үчүн жасадым деп айта алат. Сиздин банктык эсебиңизди бузуп кирип, аны да коопсуздук максатында жасадым деп түшүндүрсө болот. Электрондук почтаңызды бузуп кирсе, аны маалыматтык коопсуздук деп айтууга мүмкүн. Атүгүл сизди атып салса да, муну конституциялык түзүлүштү коргоо үчүн жасадым деп айтууга жол ачылат. Жогорку Кеңештин Укук тартиби боюнча комитети бул мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Бул мени таң калтырды, анткени мындай учурда Жазык кодекси Конституциядан жогору болуп калат. Бул болсо кылмыш жасоого укук берип коюшу мүмкүн. Бул өтө кооптуу, - деп кылмыштар үчүн иммунитет берилип жаткан коркунучтуу өзгөртүүлөр тууралуу коңгуроо какты Дастан Бекешев.

Последние новости