www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек мэри Айбек Жунушалиев көчмө жыйын өткөрүп, анын жүрүшүндө жол инфраструктурасын масштабдуу реконструкциялоо пландарын бекитти. Негизги долбоор катары Медеров көчөсүн Ч. Айтматов проспектисине чейин узартып чыгаруу каралды.

Долбоорго ылайык, иштер 2026-жылдын жазында башталат. Медеров көчөсүн Ала-Арча дарыясынын жээгин бойлото узартып, Айтматов проспектиси менен кесилишкен жерине чейин эки тилкелүү кылуу пландалууда. Долбоор ошондой эле заманбап жаңы жол айрыгын курууну жана Табалдиев көчөсүн узартып чыгарууну камтыйт. Калаа башчысы курулуш учурунда шаардыктар үчүн ыңгайсыздыктарды минималдаштыруу максатында тиешелүү кызматтарга транспорт үчүн альтернативдүү каттамдарды алдын ала даярдоону тапшырды.

Айбек Жунушалиев Медеров көчөсүн Айтматов проспектиси менен бириктирүү шаардын борбордук көчөлөрүндөгү тыгынды олуттуу азайтууга жана Бишкектин транспорттук логистикасын жакшыртууга мүмкүндүк бере турган стратегиялык милдет экенин баса белгиледи. Тиешелүү кызматтарга долбоорлоо жана даярдоо иштеринин графигин так сактоо тапшырылды.

Последние новости