www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде майыптуулугу бар адамдар үчүн жаңы билим берүү долбоору ишке кирди. “YouTube-мектеп” аттуу бул долбоор санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүүгө багытталган.

Долбоор министрликке караштуу республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси жана “Мүмкүнчүлүк” коомдук бирикмеси менен биргеликте ишке ашырылууда. Окутууга учурда Реабилитациялык борбордо дарыланып жаткан жана калыбына келтирүү дарылоосунан өтүп жаткан жарандар катышууда.

Сабактарда катышуучулар YouTube платформасы менен иштөөнү үйрөнүшөт: видео тартуу, монтаждоо, контент түзүү, канал ачуу жана аны өнүктүрүү, социалдык тармактарда илгерилетүү боюнча билим алышат. Ошондой эле өзүн-өзү таанытуу жана коммуникациялык көндүмдөргө да көңүл бурулат.

Азыркы учурда биринчи агымда 16 адам окуудан өтүп жатат. Курстун аягында катышуучуларга күбөлүк берилет. Долбоор аяктаганга чейин жалпысынан 80 майыптуулугу бар адамды окутуу пландалууда.

Последние новости