www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын жетекчилиги өлкөдөгү кризисти чечүү максатында Венесуэланын президенти Николас Мадурону Катарга көчүрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулап жатат. Бул тууралуу The New York Post гезити жазды.
Басылманын маалыматына ылайык, АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Мадурону Катарга көчүрүү маселесин карап чыгууну сунуштаган. Катар Венесуэланын айланасындагы кырдаал боюнча ортомчулукка катышкандыктан, администрациянын айрым өкүлдөрү бул сунушту “ишке ашырууга мүмкүн болгон сценарий” деп баалашууда.
Венесуэлага каршы АКШнын аскердик өнөктүгүн баштоо тууралуу бир нече жумадан бери сөз болуп келет. Америкалык согуштук кемелер Венесуэланын аймактык сууларынын жанында көптөн бери турат. Вашингтон муну баңги картелдерине каршы күрөш жана баңги заттардын АКШга киришине жол бербөө менен түшүндүрүүдө.
21-ноябрда Трамп менен Мадуро 15 мүнөттүк телефон сүйлөшүү жүргүзүшкөн. Анда Трамп Мадурого өлкөдөн чыгып кетүүгө бир жума убакыт берген жана үй-бүлөсү менен каалаган жакка кетүүгө ультиматум койгон. Мадуро толук юридикалык мунапыс берилсе, кетүүгө макул болорун билдирген.
Бирок мөөнөт 28-ноябрда аяктаганына карабай, Мадуро өлкөдөн чыккан эмес жана кызматында калууда.
Август айында АКШ Мадуронун кармалышы тууралуу маалымат үчүн 50 миллион доллар сыйлык сунуштаган. Трамп аны мыйзамдуу президент катары тааныбайт жана шайлоонун жыйынтыктары бурмаланган деп эсептейт.
АКШнын аскердик кысымы күчөгөн сайын Мадуро Орусияны, Кытайды жана Иранды Венесуэланын кызыкчылыгын коргоону күчөтүүгө чакырган. ЖМКлардын маалыматына ылайык, Мадуро Владимир Путинге жазган катында өлкөнүн абадан коргонуу системасын чыңдоого жардам сураган.
22-октябрда Орусия Венесуэла менен стратегиялык өнөктөштүк келишимин ратификациялаган. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова бул чечимге комментарий берип, Москва Каракас менен тыгыз байланышта экенин жана потенциалдуу коркунучтарды эске алуу менен Венесуэланын өтүнүчтөрүнө жооп берерин билдирген.