www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Кытайга барды. Бул тууралуу "Российская газета" басылмасы Кытайдын The Paper маалымат порталына таянып жазды.
Маалыматка ылайык, америкалык дипломат Кытайда эки күн болот.
Белгилей кетсек, буга чейин Мамлекеттик департаменттин башчысы Кытайда 2018-жылдын октябрь айында болгон. Ал жакынкы сааттарда Кытай Эл Республикасынын тышкы иштер министри Цинь Ган менен жолугушат.
Мурдараак Блинкен Вашингтон Индия жана Тынч океан аймагындагы катышын кеңейтип, Пекинге каршы турарын билдирген. Бирок Конргесстеги угуунун жүрүшүндө АКШнын Кытай менен жаңжалдашуу же кансыз согуш баштоо ниети жок экендигин айткан.
Ак үйдүн Улуттук коопсуздук кеңешинин стратегиялык байланыштар боюнча координатору Жон Кирби Кошмо Штаттар Кытай менен байланыш каналдарын кеңейтүүгө, анын ичинде аскердик жааттагы байланыштарын калыбына келтирүүгө кызыкдар экендигин белгилеген.
Булак: NazarNews.kg