www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын мамлекеттик карызы 34 триллион доллардан ашты

Американын мамлекеттик карызы тарыхта биринчи жолу 34 триллион доллардан ашты, деп билдирет РИА Новости АКШнын Финансы министрлигинин сайтындагы жаңыланган маалыматтарга таянып.

Акыркы маалыматтар боюнча, шейшембиге карата АКШнын карызы 34,001 триллион долларды түзөт. Өткөн жылдын сентябрь айында бул көрсөткүч 33 триллион болгон.

РИА Новостиге маек курган эксперттердин айтымында, мындай чоң мамлекеттик карызды тейлөө Вашингтонго бюджеттин кирешесинин үчтөн бирине жакынын кетириши мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости