www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстан газын бербей Жалал-Абадда автобустар ишин токтотту

Жалал-Абад шаарында каттамга киргизилген жаңы автобустар Өзбекстан метан газын бербей калгандан кийин ишин токтотту. . «Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда, автобустар метан газы менен жүргөндүктөн буга чейин аны Өзбекстандан алып келип жатышкан.

“Күн суук болгондо газдын басымы төмөндөп, Өзбекстандын өзүндө узун кезек жаралып бизге берилбей калды. Ошондуктан каттам токтоду. Ал эми кошуна өлкөдөгү инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп, Сузак районунун аймагына метан газ куюучу станциянын курулушу башталган. Бирок курулуш толугу менен аягына чыга элек”, - деп айтылат маалыматта.

Расмий маалымат боюнча, 2023-жылдын 1-декабрынан баштап Жалал-Абад шаарында 40 жаңы автобус каттамга чыккан. Бирок шаарда метан газ куюучу станция жок болгондуктан күн сайын 20 автобус каттамга чыгып, калган 20 автобус Өзбекстандан газ куюп келип жаткан.

Президент Садыр Жапаров 2023-жылдын 26-октябрында Жалал-Абад шаарынын күнүндө 50 автобус тапшырган. Шаарга акыркы жолу 2010-жылы Кытайдан 17 автобус алынып келген. Анын ичинен 10 автобус бузулуп, 7 автобус гана иштеп жаткан.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости