www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Генри Киссинджер Украина Орусия менен тынчтык келишимине жетишүү жана үч айга созулган согушту токтотуу үчүн өз аймагынын бир бөлүгүнөн баш тартышы керектигин айтты. Бул тууралуу News Week басылмасы жазды.
«Тараптар жакынкы эки ай ичинде тынчтык сүйлөшүүлөрүнө тартылышы керек. Европа менен Орусия ортосунда Украина көпүрө болуш керек болчу, бирок азыр мамилелер кайра курулуп жаткандыктан, бөлүү сызыгы чийилип, Орусия толугу менен обочолонуп калышы ыктымал. Биз азыр Орусия Европадан толук чыгып, башка жактан туруктуу союзга умтула турган кырдаалга туш болуп жатабыз. Бул кансыз согушка окшош дипломатиялык обочолонууга алып келиши мүмкүн, бул бизди ондогон жылдарга артка тартат. Биз узак мөөнөттүү тынчтыкка умтулушубуз керек», - деди Киссинджер.
«Идеалында бөлүүчү сызык эски статус-квого кайтуу болмок. Бул учурдан кийин согуштун уланышы Украинанын эркиндиги үчүн эмес, Орусиянын өзүнө каршы жаңы согуш болот», - деп кошумчалады мурдагы мамлекеттик катчы.
Киссинджер белгилеген статус-кво Украина 24-февралда Орусия Крым жарым аралын жана бейрасмий түрдө Донецк жана Луганск облустарынын үчтөн бирин көзөмөлдөп турган согуштук аракеттер башталган маалдагы кырдаалды калыбына келтирүү үчүн тынчтык келишимине макул болушу керектигин түшүндүрөт.
Мурдагы мамлекеттик катчы Орусия 400 жылдан бери Европанын ажырагыс бөлүгү болуп, континент үчүн оор учурларда тең салмактуу күч катары иш алып барганын эскерди. Киссинджер батыш өлкөлөрү Орусиянын Европадагы маанисин эстеп, «эмоцияга» алдырбаш керек», - деди.
«Биз заманбап технологиялар өлкөлөрдү мурда болуп көрбөгөн жагдайга салып жаткан чындыкка туш болуп жатабыз. Чектөөлөрдүн белгиленген критерийлери жок өзөктүк энергетика жана жаңы аскердик технологиялар адамзат үчүн катастрофага алып келиши мүмкүн», - деп жыйынтыктады Киссинджер.
Генри Киссинджер 1969-1975-жылдары президенттин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси, 1973-1977-жылдары мамлекеттик катчы болуп иштеген.
Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.
Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.
Булак: NazarNews.kg