www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саясий жана административдик мамлекеттик кызматкерлердин эмгек өргүүсүн узартуу боюнча мыйзам долбоорунун тегерегинде түзүлгөн кырдаалга депутат Жусупбек Коргонбай уулунун консультанты күнөөлүү. Мындай билдирүүнү Жогорку Кеңештин маалымат кызматы таратты.
"Ушул жылдын 20-майында Жогорку Кеңештин расмий сайтына "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору жарыяланган. Ички иликтөөлөрдөн улам буга чейин айтылгандай анын демилгечиси Жусупбек Коргонбай уулу эмес экени белгилүү болду. Консультант ката кетирип алган", — деп жазылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, Коргонбай уулу демилгелеген мыйзам долбоорунда саясий жана административдик мамлекеттик кызматкерлердин эмгек өргүүсүн узартуу сунушталган. Бул жылына 28 күн эмес, 38 күнгө чейин акы төлөнгөн эс алууга чыга алат дегенди түшүндүрөт.
Кийинчерээк депутат мындай мыйзам долбоорун жазбаганын айтып чыккан. Кечээ, 24-май күнү, Коргонбай уулу аталган мыйзам долбоорду артка чакыртып алды.
Булак: NazarNews.kg