www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн аскерлери Түркияда өтүп жаткан көп улуттуу "Эфес-2022" машыгуусуна катышууда. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, машыгуунун биринчи этабы командалык-штабдык форматта Измирде өткөн.
"28-майдан 9-июнга чейин ошол эле Измир шаарындагы "Доганбей" полигонунда бир нече улуттун кошуундарынын курамында ок атуу менен коштолгон практикалык аракеттер пландалган. Машыгуунун максаты атайын багыттагы аскерлердин чеберчилигин, күжүрмөн даярдыгынын деңгээлин көтөрүү болуп саналат", — деп айтылат маалыматта.
Министрлик Кыргызстандын жоокерлери тажрыйба алмашып жатканын белгилеген.
Булак: NazarNews.kg