www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үстүбүздөгү жылдын 6-июнунан тартып Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда темир жол каттамдары жанданат. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан маалымат кызматы билдирет.

Тактап айтканда, Бишкектен Орусиянын төмөнкү үч шаарына темир жол каттамдары жүрө баштайт:

  • 6-июндан тартып Бишкек – Казань, ар жуманын дүйшөмбү күндөрү;
  • 8-июндан тартып Бишкек – Самара, жумасына эки жолу шаршемби, жума күндөрү;
  • 9-июндан тартып Бишкек – Новосибирск, 8 күндө бир жолу.

Белгиленгендей, Казакстан жана Орусиянын чек арасынан өтүүдө COVID-19га каршы ПЧР тесттин терс жыйынтыгын көрсөтүү талап кылынат жана анын мөөнөтү 72 сааттан ашпоого тийиш. Ошондой эле "COVID-19суз саякаттайм" мобилдик тиркемеси дагы колдонулат.

Эскерте кетсек, каттамдар коронавирус илдети тараган учурдан тартып жабылган болчу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости