www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сот Кумтөр боюнча 261,7 млрд. сомдук айыпты жокко чыгарды

Бишкек шаардык соту төмөнкү инстанциянын "Кумтөр голд компани" ишканасына 261,7 миллиард сомдук (3 миллиард доллардан ашык сумма) айып салуу боюнча чечимин жокко чыгарды.

2021-жылдын май айында Октябрь райондук соту компанияга Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнө калдык топтогону үчүн айып салган эле.

Эми бул боюнча жаңы чечим кабыл алынган.

"Төрт активисттин аталган ишкананы Кумтөрдүн алтын кенди иштетип жатканда Давыдов, Лысый мөңгүлөрүнө калдык топтогон иштерин мыйзамсыз деп табуу жана андан улам мамлекеттин пайдасына айыпка жыгуу боюнча арызы канааттандырылган жок", — деп айтылган маалыматта.

Бул чечим боюнча Жогорку Сотко арызданса болору айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости