www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан менен Түштүк Кореяда президенттер камалып отуруп, көнүп деле бүтүп калышкан. Молдованын Конституциялык соту орус тилине улут аралык тил деп макам берген чечимди Башмыйзамга каршы келет деп тапты. Мындай арыз менен үч оппозициячыл депутат сотко кайрылган. Алар бул документ көпчүлүк жарандардын укуктарын бузуп, мамлекеттик тилдин ролун төмөндөттү деп жүйө келтирген. Конституциялык соттун төрайымы Домника Маноле «бул чечим акыркы жана даттанууга жатпайт»- деп билдирди. Конституциялык сот Молдаванын парламенти орус тилине өзгөчө макам бергени өлкөдөгү башка улуттук азчылыктардын тилине карата укугун бузарын белгилеген. Молдовада парламент былтыр декабрда өлкө аймагында орус тилине «улут аралык баарлашуу тили» деген расмий макам берген мыйзам кабыл алган. Мыйзамга ылайык, өлкөдө мамлекеттик кызматкерлер жарандарга орус тилинде да маалымат берүүгө милдеттүү. Мыйзамга кызматтан кеткен орусиячыл президент Игорь Додон мөөнөтү бүтүп жатканда кол коюп кеткен. 2020-жылы ноябрдагы шайлоонун экинчи айлампасында Мая Санду жеңип чыгып, кызматка киришкен. Дүйнөлүк банктын мурдагы экономисти Санду Батыш өлкөлөрү менен жакын мамиле курууну көздөйт.

Молдованын мурдагы президенти Игорь Додон Кылмыш-жаза кодексинин төрт беренеси, анын ичинде мамлекеттик чыккынчылык беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалды. Бул тууралуу журналисттерге Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Марианна Керпек билдирди.

"Тергөө иштери уланууда. Алар Игорь Додонго тиешелүү үйдү жана айрым жайларды тинтүүгө алышкан. Ал 72 саатка камакка алынган. Жалпысынан 12 жайда тинтүү иштери жүргүзүлүүдө. Ортомчуларга тиешелүү кыймылсыз мүлктөр изилденип жатат. Тергөө "Пассивдүү коррупция", "Кылмыштуу уюмдан саясий партияга каражат алуу", "Мыйзамсыз баюу" жана "Мамлекеттик чыккынчылык" беренелери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүрүп жатат", - дейт Керпек.

Белгилей кетсек, буга чейин Молдованын башкы прокурорунун милдетин аткаруучу Думитру Робу 2020-жылдын жай айларында коомдук мейкиндикте пайда болгон видеолор үчүн экс-президент Игорь Додонго карата коррупцияга шектелип, кылмыш ишин козгоону буйруган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости