www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын экономикалык санкциялык тизмесине кошулган Кыргызстандагы “ГТМЕ Технологии” компаниясы 2023-жылдын ноябрь айында жабылуу тууралуу Юстиция министрлигине арыз бергени белгилүү болду. Министрликтин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, ишкананы жабуу боюнча чечим эки айдын ичинде кабыл алынат. Ага чейин каржылык иштери каралып чыгат. Бирок “ГТМЕ Технологиинин” өкүлдөрү министрликке кайра келе элек.

2023-жылдын июль айында АКШнын Каржы министрлиги Кыргызстан менен Орусиядагы ондогон компанияга жана 18 адамга санкция салган. Санкцияга туш болгон 120дан ашык ишкананын арасында Кыргызстандагы RM Design and Development, “ГТМЕ Технологии”, “Прогресс лидер” жана “Карголайн” компаниялары да бар.

“ГТМЕ Технологии” аттуу жабык акционердик коом 2022-жылы 28-июнда Бишкекте түзүлгөн.

“Азаттык” радиосу “ГТМЕ Технологии” Батыштагы Texas Instruments, Analog Devices, Infineon, Microchip сыяктуу бир нече компаниялар чыгарган микросхемаларды, диоддорду жана башка электроника жабдыктарын Орусиядагы “Технологии, Системы и комплексы” компаниясына жөнөткөнүн аныктаган. Муну АКШнын Каржы министрлигинин былтыр 20-июлдагы билдирүүсү да ырастаган.

2022-жылы Орусия Украинага кол салгандан кийин, АКШнын Каржы министрлиги санкция салынган товарлар Орусия жана Беларустун рыногуна өтүп кетүү тобокелдиги бар деген өлкөлөрдүн тизмесин аныктаган. Мындай өлкөлөрдүн катарына Борбор Азиянын башка өлкөлөрү менен бирге Кыргызстан да киргизилген. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости