www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөө 17-майдан 25-майга чейин өтөт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Билимди баалоо жана окутуунун методикалары борборунун директору Чынара Батракеева билдирди.

Ал ЖРТга тестирлөө 29-февралда башталганын жана 4-апрелге чейин аталган борбордун сайтында онлайн жүргүзүлө турганын эске салды.

Батракеева маалымдагандай, каттоо 2023-2024-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрү үчүн окуп жаткан окуу жайларында жана мурунку жылдары бүткөн бүтүрүүчүлөр үчүн негизги жашаган жеринде жайгашкан райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүндө онлайн жүргүзүлөт.

Каттоодо бүтүрүүчүлөрдө төмөнкү документтер болушу керек:

- паспорттун оригиналы (эгер паспорт ала элек болсо туулгандыгы тууралуу күбөлүк, өздүгүн аныктаган күбөлүк);

- орто билими тууралуу аттестаттын оригиналы (былтыркы жылы бүтүргөндөр үчүн);

- ЖРТга каттоо төлөмүн төлөгөнү тууралуу квитанция;

- талапка туура келген электрондук сүрөт.

"Негизги тестирлөөгө, ошондой эле ар бир предметтик тестке бир абитуриент үчүн каттоо төлөмүнүн баасы былтыркыдай эле 470 сомду түзөт", - деди ал.

Эскерте кетсек, ЖРТ Кыргызстанда ЖОЖдордун гранттык орундарына, ошондой эле контракттык негизде окутуунун бардык формаларына (күндүзгү, дистанттык жана кечки окуу) кабыл алууда милдеттүү болуп саналат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости