www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын сенаты шаршембиде Финляндия менен Швециянын НАТОго кирүүсү жөнүндө келишимди ратификациялады. Документти 95 сенатор колдоду, бирөө каршы болду.

“Финляндиянын жана Швециянын мүчөлүгү НАТОну мындан да бекемдейт. Бул Украинадагы орусиялык агрессиянын, путиндик согуштун фонунда өтө актуалдуу болуп турат", – деди Сенаттын демократиялык көпчүлүгүнүн башчысы Чак Шумер.

АКШнын президенти Джо Байден бул чечимди эки партиянын НАТОну колдоодогу терең ынтызарлыгын көрсөтүү катары баалады.

Эки жаңы мүчөнү НАТОго кабыл алуу боюнча макулдашууларды уюмга мүчө 30 мамлекеттин баары тең жактырышы керек. Тиешелүү чечимди ушул кезге чейин 23 өлкө кабыл алды.

Эксперттер үчүн бул маселеде Швеция менен Финляндияны Анкара террорчу деп эсептеген күрддөргө башпаанек берет деп айыптаган Түркиянын позициясы гана так эмес болуп турат. Швеция, Финляндия жана Түркия бул жаатта макулдашууга жетишкен, бирок Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган НАТОго талапкерлерди ал макулдашууну толук аткарбай жатат деп айыптаган. Эки жаңы мүчөнү кабыл алуу НАТОнун 70 жылдык тарыхындагы эң ыкчам процесс болуп калчудай.

Орусия Украинага кол салгандан кийин эки өлкө тең салттуу нейтралитет макамынан баш тартып, НАТОго кирүүнү чечкен.

НАТО (Түндүк атлантикалык аскердик уюм) 1949-жылы АКШны жана Европаны СССРдин таасиринен коргоо үчүн түзүлгөн. Ага алгач 12 мамлекет кирген. Учурда АКШ, Британия, Канада, Франция, Германия баштаган 30 мамлекет мүчөлүк кылат. Түркия уюмга 1952-жылы кошулган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости