www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Август айынын биринчи жарымында Венгрияда Кыргызстан маданиятынын күндөрү өткөрүлөт. Маалыматты Тышкы иштер министрлиги таратты.

Маданият күндөрүн өткөрүү тууралуу сөз Кыргызстандын Венгриядагы элчиси Талантбек Кушчубековдун Венгриянын тышкы иштер министринин орун басары Адам Штифтер менен жолуккан учурунда болду.

11-14-августка пландалган иш-чара өлкөлөр ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналмакчы.

Маданият күндөрүнүн ачылышына карата пландаштырылган гала-концерт Будапешттин музыкалык борборунда өткөрүлөт. Ага белгилүү кыргыз музыканттары, "Камбаркан" ансамбли, элдик ырчылар, комузчулар жана манасчылар катышат. Мындан тышкары, кыргыз сүрөтчүлөрүнүн жана кол өнөрчүлөрдүн эмгектеринин көргөзмөсү уюштурулат.

Венгрия өкүлү Кыргызстандын маданият күндөрүн белгилөөгө венгр тараптын катышарын айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости