www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнө жүзү боюнча АКШнын көптөн берки союздаш мамлекеттери Украинадагы согуштан улам Вашингтондун Орусияга каршы санкцияларын колдоо суранычын четке кагууда. Бул тууралуу Британиянын Economist журналы жазды.

Билдирмеге караганда, Москванын иш-аракетин сындаган чечимдерди кабыл алуудан дайым карманып турган Индия Батышка эң ыңгайсыз мамлекетке айланууда. "Бул багытта Индия жалгыз эмес. Азия, Жакынкы Чыгыш, Африка, Латын Америка, ал тургай АКШнын көптөн берки союздаш мамлекеттери Орусияга каршы санкцияларды киргизип, анын дарегине сын айтуу боюнча Вашингтондун суранычын четке кагууда", — деп жазылат макалада.

Макаланын автору көп мамлекеттер коммерциялык кызыкчылыктан, стратегиялык амбициядан улам же соода өнөктөшүн жоготуп алуудан коркуп, Орусияга карата сын айтуудан жана чектөө чараларын киргизүүдөн баш тартып жатканын кошумчалаган.

Анын айтымында, Жакынкы Чыгыш менен Түркия АКШнын 2003-жылы Ирактагы согушун, 2011-жылы НАТОнун Ливияны бомбалоосун эске алып, Батыштын Украинага болгон позициясын эки жүздүүлүк деп эсептейт.

Автор Европанын Украина качкындарын Сириянын качкындарына салыштырмалуу жылуу кабыл алганы кыжырды келтирээрин белгилеп, мындай саясатка араб өлкөлөрү нааразы экенин кошумчалайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости