www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын агрессивдүү аракеттери, анын ичинде Түштүк Корея менен согуштук машыгуулары Корей жарым аралындагы кырдаалды курчутуп, аны «өзөктүк согуштун чегине» алып келүүдө. Бул тууралуу 25-июнда Кореянын Борбордук маалымат агенттиги Түндүк Кореянын Тышкы иштер министрлигине караштуу Америка изилдөөлөр институтунун баяндамасынын мазмунуна таянып билдирди.
« Америка Кошмо Штаттары быйыл болуп көрбөгөндөй биздин республиканын эгемендигин жана коопсуздук таламдарын одоно бузган коркунучтуу душмандык аракеттерге өжөрлүк менен барууда», - деп айтылат документте.
Корей жарым аралындагы куралдуу кагылышуу тез эле дүйнөлүк термоөзөктүк согушка айланып кетиши мүмкүн, ал айрым өлкөлөр үчүн гана эмес, ошондой эле дүйнө учун да кыйраткыч кесепеттерге алып келе тургандыгы баса белгиленди.
Булак: NazarNews.kg