www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ФСБнын Москва шаары жана облусу боюнча башкармалыгы контртеррордук операция режимин алды. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.
"Адам өмүрүнө, саламаттыгына, мүлккө жана башка мыйзамдуу кызыкчылыкка кооптуулук жоктугунан улам Москва шаары менен облусунда контртеррордук операция режимин алуу чечими кабыл алынды", — деп айтылат маалыматта.
Москва шаарынын мэри Сергей Собянин КТО режиминин киргизилиши менен байланышкан бардык чектөөлөр да алынганын билдирди. Дүйшөмбү эс алуу күнү деп жарыяланган болчу.
Ишемби күнү Москва шаары, Москва жана Воронеж облустарына терактыларды алдын алуу үчүн контртеррордук операция режими киргизилген.
Булак: NazarNews.kg