www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын укук коргоо органдары Иркутск облусундагы Кыргызстан менен Тажикстандын 500гө жакын жаранынын ортосундагы массалык мушташты иликтеп жатат. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Белгилей кетсек, жаңжал 2023-жылы 23-июнда Жигаловск районундагы Ковыкта газ конденсат кенинде чыккан.

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин Иркутсктагы өкүлчүлүгү  жабыркагандар менен ыкчам байланышканда Кыргызстандын 5 жараны ар кандай оордуктагы жаракат алышканы, алардын бири ооруканага жаткырылганы белгилүү болгон.

Элчиликтин Иркутсктагы бөлүмүнүн консулу КР жарандарына консулдук-укуктук жардам көрсөтүү жана жергиликтүү укук-коргоо органдары менен жолугушуу үчүн окуя болгон жерге жөнөп кетти.

Белгиленгендей, аталган маселе Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин Иркутск шаарындагы өкүлчүлүгүнүн көзөмөлүндө турат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости