www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ Кабулда учкучсуз башкарылган аппараттан сокку уруп, натыйжада төрт киши каза тапкан. Анын бирөө кичинекей бала экенин РИА Новости кабарлады. 

Америкалык чиновниктердин айтымында, сокку Кабулдун аэропортун көздөй бараткан бир нече жан кечтинин автоунаасына жасалган.

Жарылуудан турак үй талкаланган. Жергиликтүү ЖМКлардын акыркы маалыматында көз жумгандардын саны алтыга жетип, анын төртөө балдар экени айтылып жатат. Маалымат такталууда.

Эске салсак, буга чейин Associated Press "Талибандын"* өкүлүнө таянуу менен АКШнын максаты борбордук аэропортко чабуул жасоону пландаган террорчу жан кечтини жок кылуу болгонун маалымдаган.

"Талибан" — Кыргызстан жана башка бир катар мамлекеттерде тыюу салынган кыймыл.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости