www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
23-ноябрда Бишкек шаарында “АКШнын биологиялык лабораториялары: Борбордук Азия чөлкөмүндөгү Евразия мейкиндигине коркунуч” аттуу эл аралык конференция болуп өттү.
КМШ өлкөлөрүнүн эксперттери кооптуу объекттер кайда жайгашканын, ал жакта окумуштуулар эмне иш кылып жатканын, эмне үчүн аларды АКШдан башка эч ким көзөмөлдөй албастыгын ошондой эле Евразия мейкиндигинин коопсуздугу үчүн эмне кылуу керектигин талкуулашты.
Бир нече жылдан бери медицина, биология жаатындагы эл аралык эксперттер жана аларды колдогон журналисттер, коомдук активисттер жана саясатчылар дүйнө жүзү боюнча жайгашкан 400дөн ашык америкалык биологиялык лабораториялардын ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтардын ачыкталышын талап кылып келишет.
Алардын ишмердүүлүгү тынч мүнөздө болушу күмөн жаратат жана ал бүткүл жер шарынын жашоочуларына коркунуч туудурат.
Талкууга Армения, Болгария, Грузия, Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Сербия, Өзбекстан жана Украинанын эксперттери катышты.
Конференция Орусиянын “Ридус” интернет-басылмасы, “Күндеми” мультимедиялык маалымат порталы жана “Евразиялыктар – жаңы толкун” фонду тарабынан уюштурулду.
Иш-чаранын негизги максаты – коомчулукка мындай лабораториялардын ишмердүүлүгүнүн коркунучтары тууралуу маалымат берүү менен бирге, БУУ, ДСУ, ЕККУ өңдүү эл аралык уюмдардын көңүлүн бул маселеге буруу болуп саналат.
“Учурда, келип чыгышы аныктала элек коронавирустук эпидемия бүткүл дүйнөгө жайылышын улантып жаткан кезде жана босогодо оору жуктургуч штаммдардын пайда болуу жана жайылуу коркунучу турганда - бул тема өзгөчө маанилүү. Аскердик биологиялык лабораториялардын ишин токтотуу мүмкүн болбосо, анда жок дегенде анын ачык-айкын болушун талап кылуу керек”, - деди “Ридус” гезитинин башкы редактору Андрей Гулютин (Орусия).
Булак: NazarNews.kg