www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай оюнчуктары өтө коркунучтуу

Оюнчук. Бала төрөлгөндөн баштап, оюнчук менен гана алданат. Ошондуктан бөбөктүн күлкүсү чыккан кайсы үйгө кирбе, оюнчуктун шыңгыраганы - бул мыйзамдуу кубулуш. Балдар ойной турган оюнчуктардын бүт түрү Кытайдан гана алып келинет. Чыйкылдаганы, бакырганы, чакырганы, жылтылдагы болуп түркүн түстөгү оюнчуктар алыстан көздү арбап, бала түгүл өзүңдү эрксиз ээликтирет.

Кытай оюнчуктары балдарга гана эмес, андан чыккан жагымсыз жыттар, колго жугуучу боёктеру ден-соолукк зыян, ал гана эмес оюнчук сатуучулардын өздөрү да күнү бою дүкөндө туруп баштары ооруп же мурдунан кан акканын айтып зар какшайт. Бирок соодадан түшкөн кызылдай акчаларга арбалып жүргөн айрым сатуучуларды ойлондурбаганы да бар.

Оюнчуктардын көпчүлүгү пластмасса менен резинадан жасалгандыктан, анын курамында эки эсеге чейинки көп өлчөмдө метанол кездешет. Метанол - адам ден-соолугуна өтө зыяндуу химиялык зат. Ал балдарды мурун, көз ооруларына алып келет. Азыркы медицина балдардын көз ооруларынын көбөйүүсүн ушул оюнчуктардан экенин айтышууда.

Ошондой эле, добуш, музыка ойногон оюнчуктардын кулак жаргагына терс таасир этерин бардык ата-энелер биле бербейт. Бизде түшүнүксүз тилде сүйлөп, ырдаган куурчактар баланын кулагына жагымсыз гана эмес, чоң зыян.

Анткени баланын кулагынын угуусу 60 децибел үндү кабыл алуу керек болсо, куурчактан чыккан үн 180 децибелди түзөт экен. Же болбосо баланын кулак жаргагына, баш мээсине өтө зыян экенин эскертишуүдө.

Тиштери жаңы чыгып жаткан балдарга тиштөө үчүн берилүүчү шакектердин зындуулугу жөнүндө да айтпай кетүүгө болбостур. Шакекче резинанын курамындагы этил баланы аллергиялык ооруга душар этет жана узак убакытка чейин созулуусу мүмкүн.

Базарда сатылып жаткан оюнчуктарды текшерип, кайсынысынын зыяндуулугу канчалык экенин айтуу кыйын. Ошондуктан балдардын келечегин ойлогон өкмөт тийиштүү адистерге буюруп, сөзсүз текшерүүгө алынышы керек.

Ага чейинки күнөөнүн баарын сатуучуларга оодара бербей, өз балдарынын ден-соолугун ойлогон ата-энелер арзан оюнчуктарды сатып алуудан алыс болгону жакшы. Товардын арзанына эмес, сапатына, балдарды алдоо үчүн эмес, ден-соолугуна көңүл буруулары абзел.

Булак: Азия News гезити

Последние новости