www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын Дангара районундагы борбордук базарда жана жол жээгинде соода кылган сатуучулар жергиликтүү бийликтин басымынан улам район борборунан үч чакырым алыстыкта жайгашкан жаңы базарга көчүүгө аргасыз болуп жатышканын билдиришүүдө.

Алардын айтымында, "Каёнуш" деп аталган жаңы базар өлкө президенти Эмомали Рахмондун агасы Нуриддин Рахмондун үй-бүлө мүчөлөрүнө таандык. Соодагерлерди бул базарга көчүрүү тууралуу буйрукка Дангара районунун башчысы жана Нуриддин Рахмондун уулу Исломиддин Рахмон кол койгон.

Сатуучулар "Каёнуш" базарында кардарлардын аздыгына жана ижара акысы жогору экенине даттанууда.

"Райондун борбордук базарында ижара акысы 500 сомони болсо, жаңы базарда 1130 сомони (100 доллар) талап кылынууда. Бул жерде кардарлар да өтө аз, алар жаңы базарга келүү үчүн жолго 10 сомониден коротушу керек болот. Милиция кызматкерлери бизди "Каёнуш" базарына көчүүгө мажбурлашты", - деди соодагерлердин бири.

"Тажикматлуботтун" (Тажикстан керектөөчүлөр коомунун бирикмеси) жергиликтүү бөлүмүнүн төрагасы Рахмон Шамсзода район башчысынын буйругу менен соодагерлер жаңы базарга көчүрүлүп жатканын ырастады. "Борбордук базардын аянты анча чоң эмес. "Каёнуш" болсо заманбап, кенен базар. Тургундардын баруусуна жеңил болсун деп коомдук транспорттун акыркы аялдамасын да ошол жерге жылдырдык", - деди ал.

Район башчысынын аппарат жетекчиси Шерали Собирзода соодагерлерди жаңы базарга көчүрүү чечими көчө соодасын ирээтке келтирүү жана ишкерлерге ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн кабыл алынганын билдирди.

"Жаңы базарда райондун борбордук базарына салыштырмалуу айыл чарба азыктары гана сатылат. Бул ишкерлерге жана сатып алуучуларга бардык шарттар түзүлгөн заманбап базар. Биз азыр 21-кылымда жашап жатабыз, шарттар да ошого жараша болушу керек", - деди Собирзода.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости