www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, Жалал-Абад шаарынын Курманбек жана Түгөлбай Байзаков көчөлөрүнүн кесилишиндеги муниципалдык “Строймаркет” курулуш базарынын короосуна 22,5 тонна көмүр келип түштү.

Шаар мэри Эрнисбек Ормоков көмүр жеке ишкерлер менен сүйлөшүү аркылуу Таш-Көмүр шаарынан алып келингенин, базар баасынан 3 сомго чейин арзан экенин билдирди.

Калаа башчысы көмүрдүн сапатын, элдин-суроо-талабын билүү үчүн алгач азыраак көлөмдө буюртма берилгенин кошумчалады. 


Көмүр шаар тургундарына гана жеткиликтүү жана ар бир кардарга 1 тоннадан ашык көмүр сатылбайт. Ормоков муну көмүрдүн жарандардын барына бирдей жеткиликтүү болуусун камсыздоо жана ортомчулар дүңүнөн алып, кайра элге кымбат баада сатуусунун алдын алуу максатында көрүлгөн чара экенин белгиледи. 


Арзан көмүр суроо-талапка жараша үзгүлтүксүз негизде Таш-Көмүрдөн ташылып турат. Учурда Жалал-Абад шаарында жеке ишкерлер тарабынан бир тонна көмүр 6-7 сомдон сатылууда. 
Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарына жыл сайын 10миң тоннага чейин көмүр керектелет. Бүгүнкү күндө анын 80%ы камсыздалган. Ал эми социалдык мекемелер 100% га көмүр менен камсыз болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости