www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 25-ноябрда Каракол шаарынын борбордук аянтында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча тартылган Ысык-Көл ОИИБдин күчтөрүнүн жана каражаттарынын гарнизондук бөлүштүрүүсү болуп өттү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Гарнизондук бөлүштүрүүгө Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоев катышты.

Гарнизондук бөлүштүрүүгө Ысык-Көл ОИИБдин, Түп, Ак-Суу, Жети-Өгүз РИИБдердин, Каракол ШИИБдин, жол коопсуздугунун, күзөт кызматынын, «Шумкар» атайын багыттынын өздүк курамы, элдик кошундардын мүчөлөрү, автомектептердин курсанттары жана ички иштер органынын ардагерлери катышышты.

Иш чаранын негизги максаты – Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо алдында, милиция кызматкерлеринин коомдук коомсуздукту камсыздоо боюнча даярдыгын текшерүү болуп саналат.

Гарнизондук бөлүштүрүүдө, өздүк курамга нускамалар берилип, шайлоо мезгилинде коомдук тартипти сактоодогу укуктары жана милдеттери жеткирилди.

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо мамлекетибиздин Президенти Жапаров Садыр Нургожоевич, Ички иштер министри Улан Ниязбеков тарабынан коюлган талаптарды аткаруу милдеттери, ошондой эле, мыйзамдуулуктун сакталышын, ар бир мыйзам бузуу боюнча түшкөн маалыматтарга ыкчам жана тез чара көрүүгө өзгөчө көңүл бурулуусу талап кылынды», - деп айтылат маалыматта.

Иш чарада сөз алган Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоев, алдыда келе жаткан шайлоо, мурдагы жылдардагы шайлоодон айырмаланып, жаңы багытта өтө тургандыгын белгиледи. Ошондуктан, аткаруу бийлик тарабынан административдик ресурстарды колдонуу жана башка мыйзамсыз аракеттерди көрүү жолдорун четке чыгаруу боюнча бардык тийиштүү чаралар турмушка ашырылып келгендигин маалымдады. «Биздин алдыбызда, таза шайлоону өткөрүү милдети турат. Ошондуктан, ушул иш-чарада катышып жаткан ар бир милиция кызматкери, коомчулуктун өкүлдөрү өзүңүздөрдүн барандуу салымыңыздарды кошот деп ишенемин», - деп, белгиледи М. Кожоев.

Шайлоо күнү, облустун аймагында коомдук коопсуздукту 800дөн ашык милиция кызматкери камсыз кылат, анын ичинен шайлоо участтокторунда 500 тартип сакчысы кызмат өтөшөт. Укук коргоо кызматкерлеринен сырткары, коомдук тартипти сактоого 600дөн ашык эркин элдик кошундардын мүчөлөрү жана 220га жакын ички иштер органынын ардагерлери дагы тартылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости