www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мектеп имаратынын ичинен 12 киши каза тапса, үчөө көчөдөн, экөө ооруканадан жан берди

АКШнын Флорида штатындагы Паркленд шаарындагы мектептеги атышуудан 17 киши каза тапты. Бул туурасында РИА Новости аталган округдун шерифи Скотт Исраэлге шилтеме кылып кабарлады. Анын айтымында, мектеп имаратынын ичинен 12 киши каза тапса, үчөө көчөдөн, дагы экөө ооруканадан жан берген. Андан сырткары, 17 киши жаракат алган.

Окуяга күбө болгондор сабактын бүтөрүнө 10 мүнөттөй убакыт калганда өрт боюнча сигнал жаңырып, андан соң атышуу угулган. Флоридадагы мектепте ок аткан бала кылмыш болгон жерден качып, топтолгон элге аралашып кетүүгө аракет кылган учурда колго түшүрүлгөн. 19 жаштагы Николас Круз тартиби жаман болгону үчүн мурда мектептен чыгарылганы аныкталды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости