www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын түштүгүндөгү Мексика булуңун каптоочу күчтүү урагандардын бири  болгон Лаура шамалы, Луизиана штатын каптап, өлүм саны күн санап өсүүдө.

Шамалдын кесепетинен кыйроолор болуп, Луизианада каза тапкандардын саны 14кө жетти. 5 киши бактардын үйдү басып калуусунан өлүп, 1 киши кайыкта өлдү. Калган 8 киши генераторлордон чыккан көмүр кычкыл газына ууланып каза болду.

Лаура шамалы болуп өткөн аймактарды олуттуу кыйроого учуратып, Луизиана, Техас жана Арканзас штаттарындагы 600 миңдей киши электр жарыгы жок калды.

АКШнын Улуттук ураган борбору, тропикалык бороонго айланып, өлкөнүн түндүк-чыгыш тарабына созулган Лауранын Миссисипи, Алабама, Тенесси, Кентукки жана Иллинойс аймактарында катуу жамгыр менен селге себеп болоорун эскертти. АКШнын президенти Дональд Трамптын урагандан жапа чеккен Луизиана жана Техас штаттарына апта аягында келери белгилүү болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости