www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ооганстандагы жарашуу маселелери боюнча АКШнын атайын өкүлү Залмай Халилзад кызматтан кетти. Бул тууралуу америкалык басылмалар өлкөнүн Мамлекеттик департаментине шилтеме кылып кабарлайт. 18-октябрда АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Халилзаддын ордуна анын орун басары Томас Уэст иштеп тураарын билдирди. "Халилзад мырзанын ондогон жылдар бою Америка элине кылган кызматына ыраазычылык билдирем", - деди Блинкен.

Залмай Халилзад кызматтан кеткени тууралуу билдирүүсүндө өзүнүн ишмердигин коргоп, ошол эле маалда бул ролдо өзү каалаган иштерди жүзөгө ашыра албаганын моюнга алды. "Ооган өкмөтү менен "Талибандын" ортосундагы саясий келишим түзүү биздин планыбыздагыдай болгон жок. Мунун себептери өтө оор жана алар тууралуу жакынкы күндөрү, мамлекеттик кызматтан кеткенден кийин айтып берем", - деди Халилзад.

Залмай Халилзад 1951-жылы Ооганстандын түндүгүндөгү Мазар-и-Шариф шаарында төрөлүп, Кабулда өскөн. Ливандагы Америка университетин аяктап, Чикаго университетинде илимдин доктору даражасына ээ болгон. Көп жылдар бою АКШнын Ооганстандагы, Ирактагы жана БУУдагы өкүлү болуп иштеген.

2018-жылы АКШнын Ооганстан боюнча атайын өкүлү кызматына дайындалып, "Талибан" кыймылы менен узакка созулган сүйлөшүүлөрдү жетектеген. Анын жыйынтыгында былтыр февраль айында талибдер менен Доха келишимине кол коюлган. Ага ылайык, Ооганстандагы бардык чет өлкөлүк күчтөр чыгып кетип, талибдер менен ооган өкмөтү тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүшү керек болчу.

АКШ 2021-жылы Ооганстандагы аскерлерин чыгара баштаган. Бирок талибдер менен ооган өкмөтүнүн ортосундагы сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учурап, 15-августка карата "Талибан" кыймылы Ооганстандын көпчүлүк аймагын, анын ичинде баш калаа Кабул шаарын басып алган. Президент Ашраф Гани баштаган жогорку кызмат адамдары чет өлкөгө качып кетишкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости