www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Азаттыктын” өзбек кызматы мугалимдер шайлоого даярдык көрүп жатканына байланыштуу окуу үзгүлтүккө учураганы жөнүндө Өзбекстандын ар башка аймагынан маалыматтар келип жатканын айтат.

Анжиян, Самарканд жана Хорезм облустарындагы үч мектептин директору бир нече мугалимди шайлоо комиссиясынын ишине тартканын мойнуна алды. Алардын айтымында, бул мугалимдер негизги жумушунан бошотулган, алардын сабагын башка мугалимдер өткөрүүдө.

Анжияндан келген кабарлардын биринде, азыркы тапта директорлордун көбүнө шайлоо тилкелери үчүн жоопкерчилик жүктөлгөнү айтылат. Дагы бир мугалим өз катында шайлоого даярдыктан улам сабактар болбой калып жатканына даттанган. “Мектеп мугалимдери президенттик шайлоого байланышкан иш-чараларга тартылууда. Мектепте сабактар болбой калып жатат. Балдардын келечеги кантет? Буга мугалимдерди аралаштырбай койсо болот беле? Анда алардын ордуна жок дегенде башка мугалимдер сабак өткорсун! ” – деп жазган Алтынкүл районундагы мугалимдердин бири.

Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү мугалимдер бул ишке тартылганына кырк күн болгонун тастыктады.

Өзбекстандын Шайлоо кодексине ылайык, мамлекеттик органдар, мекеме-ишканалар, уюмдар шайлоо өткөрүү жана уюштуруу үчүн жай бөлүп берүүгө милдеттүү. Кодексте добуш берүу мектептерде өтүшү керек деп так кесе жазылган эмес. Бирок иш жүзүндө Өзбекстанда шайлоо түйүндөрүнүн 80% мектептерде жайгашат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости