www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаевдин азанчылары Сапар Исаков, Албек Ибраимов, Фарид Ниязов, Абдил Сегизбаевдин бул шайлоо бактысын ача турган шарт болду. Анткени эгер парламенттик шайлоодо алар колдогон «Социал-демократтар» партиясы Бишкек шаардык кеңешине жеңишке жеткендей жеңишке жетип калса, анда булардын жылдызы төгүлөт. 2020-жылга чейин Атамбаевге «азанчы» болуп жүрүп 2020-жылы Атамбаевди жамандап, Текебаевге, эми Текебаевден кайра Атамбаевге өткөн адамдар бар.

Атамбаев бийликте турганда Рыскелди Момбеков, Жылдыз Мусабекова сыяктуу эл миаселелерин көтөрүмүш болуп, курсактарын кампайткандар, парламентте КСДП фракциясынан депутаттык тизгинди чоюп, маалыматтын кудайларына айланышкан. Булар Атамбаевдин №1 маалыматчылары саналганы менен, арттарында эмне булганычтары бар эле?

Буга окшогондор ушак жазып, Атамбаевдик бийликтин оң каармандарына айланып, далай адамдарды каматып, убалына калган. Текебаевге асылууну, көө сыйпоону ушулар баштаган, бирок азыр жалганы чыгып калды, булар болсо каматканын унутуп калгандай. Маалымат тарапта көзгө көрүнгөн чоң бийликти уучтап алганы аз келгенсип, элдин ырыскысын ичип-жеп да турган.

Аскар Акаев бийликтен кеткен соң, 2005-жылы юридикалык жактан мамлекет башчысы болуп калган парламент спикери Өмүрбек Текебаев - Кадыржан Батыров, Садыр Жапаров сыяктуу депутаттар менен Москвага барып, бийлигин өткөрүп берүү тууралуу Акаев менен сүйлөшүү жүргүзөт. 2005-жылдын 3-апрелинде Акаев бийлигин юридикалык жактан өткөрүп берүүгө макул болот.

Бирок ал да жөн калбай ага каршы куугунтуктоону токтотуп, бир топ жеңилдиктердин берилишин талап кылат. Акаев менен Текебаевдин ортосунда сүйлөшүү болуп, акыры Акаев «өз каалоосу менен кызматынан кеткени тууралуу» токтомго кол койот. Ушул токтомдун негизинде Жогорку Кеңеш анын отставкасын кабыл алып, мөөнөтсүз жаңы шайлоонун күнүн белгилейт.

Токтомго ылайык, Аскар Акаев өз үй-бүлөсүнө жана өз башына кепилдик алат. Бул жерде баса белгилей кетиш керек - аны кылмышкер катары куугунтуктоого мыйзам жол бербейт, Баш мыйзамдын негизинде анын жеке мүлкү, турак-жайы, транспорту да өзүнүн менчиги бойдон калат. Анткен менен Акаев ушундай жеңилдиктер үчүн мурун кекиртегине чейин жеп-жуткан көп байлыктарынан кол жууйт. Акаевдин митаамдыгы бул токтомго кепил болуп Орусия менен Казакстан болуп берсин деп жарыялайт.

2005-жылдын 4-апрелинде кубаланган президент Аскар Акаев Москвадагы кыргыз элчилигинде бул токтомго салтанаттуу түрдө кол коюп, өзү 2005-жылдын 5-апрелинен баштап отставкага кетет. Өз эрки менен кеткен Акаевге бир топ кепилдиктер берилген, экс-президент катары жеке ага асылууну токтотуу, жеке мүлктөрүнөн транспорт, китепкана сыяктуулар калтырылган.

Ушул Акаевге калтырылган жеке чопкутталган ок өтпөс «Мерседес» тууралуу кеп бар. Бакиевдин заманында бул «Мерседеске» эч ким тийген да эмес, бирок Акаев алып да кеткен жок. 2010-жылы бийлик алмашаар менен ушул «Мерседести» мурун көздөп жүргөн Рыскелди Момбеков менчигине алат да, сейрек кездешүүчү уникалдуу унаа катары миллион долларга баалап чет өлкөлүктөргө сатып жиберет деп айтылат.

Албетте, миллион доллар элдин капчыгына түшкөн эмес, бирок, бул айтылган соз чын болсо, ушунча элдин акчасына ээ болууга Момбековдун укугу бар беле? Атамбаевдин бийлиги учурунда аны асмандагы жарык чачкан күнгө теңеп жүрүп, Атамбаевдин бийлиги алсыраар замат аны жамандай баштаганына жол болсун. Куйругана ок өтпөс «Мерседес» деген калбырды илип алган Момбеков ал үчүн жооп берээрин билип, жаңы бийликти мактоого өткөнүн да эл билет.

Бирок күндүз жаңы бийликти мактаган Момбеков түнкүсүн Атамбаевдин «айт дегенде, ойт деген» дүжүр маалыматчысына айланып, эмне кылаарын билбей, башын ушалап жүргөн кези. Албетте, Атамбаев учурунда №1 маалыматчы болуп жүргөн Момбековдун азыркы кылыктары элди кызыктырбайт, бирок миллион долларды «ап» деген былыктарын качан түзөйт деп эл күтөт.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости