www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасынын дарылоо иштери боюнча башкы дарыгеринин орун басары Жамиля Анакеева Бишкекте өткөн брифингде борбор калаадагы эпидемиялык кырдаал тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, Республикалык клиникалык оорукана COVID-19 астында иштегендиктен, шаардык балдар ооруканасы былтыртан бери балдардын инфекциялык ооруканасынын функциясын аткарып келе жатат.

“Ошондуктан кызамык жана вирустук гепатиттен башка ар кандай жугуштуу патологиясы бар балдар бизге кайрылат. Акыркы жумада балдарын педиатрга көрсөтүүгө келген ата-энелердин саны кескин көбөйдү. Эгер мурда күнүнө 200гө чейин адам кайрылса, акыркы күндөрү алардын саны кунү-түнү 370-400гө чейин жетүүдө. Бул вирустук инфекциянын көбөйүшүнө байланыштуу.

Биз таза клиникалык түрдө сасык тумоо вирусу жүрүп жатат деп ойлойбуз. Көп балдар 40-41 градус дене табы менен кайрылууда, жогорку температуранын фонунда тарамышт ардын түйүлүүсү байкалат жана алгачкы күндөрдө бул температура акырындык менен төмөндөйт”, - деди дарыгер.

Анакеева элге кайрылып, шаардык балдар клиникалык ооруканасында соматикалык корпус бар экенин, анын 4 бөлүмдөн тураарын түшүндүрдү.

“Бизде бир эле педиатриялык бөлүм бар, ал жалпы соматика бөлүмү деп аталат. Азыр ал жакта жөтөлү бар же диарея менен ооруган балдар жатат. Ал жакта болгону 50 орун бар, күнүгө бир дагы бош орун болбойт. Бизге дарылоону 4 күнгө кыскартууга туура келди, андан ары дарыланууну амбулатордук түрдө улантууга үйүнө жөнөтүп жатабыз. Кулак оорулары боюнча бөлүмдө 25 орун, ичеги инфекциясы бөлүмүндө 40 орун бар. Кабыл алуу бөлүмунө ысытмага чалдыккандарды алып, алардан ПЧР анализин алабыз. Бизде, тилекке каршы, кутучалуу палаталар жок. Ошондуктан ата-энелерге алгач өзүңүздөрдүн жашаган жериңиздер боюнча ҮМБга кайрылыңыздар деп кайрылып кетет элем”, - деди ал.

Врачтын айтымында, кайрылган 400 адамдын ичинен 10 пайызы гана ооруканага жаткырылыш керек. Ошондой эле, ал кутучалуу палаталардын жоктугунан кабылдамага келген балдар ооруканада жаткан бейтаптардан курч вирустук ооруларды жуктуруп алаары мүмкүн экенин белгилейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости