www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башкы прокуратура тарабынан Бишкек шаарынын ички иштер органдарынын сотко чейинки өндүрүш иштерин жүргүзүүдө кабыл алып жаткан чечимдеринин мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү текшерилди. Баш прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, анын алкагында жабырлануучунун атынан жазылган жасалма арыздын негизинде сотко чейинки өндүрүш иши мыйзамсыз кыскартылганы аныкталды.

2021-жылдын 19-январында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө Бишкек шаарынын тургуну А.Н. үйүнөн 12 миң 500 сомдук телевизорун уурдап кеткен белгисиз адамдарга чара көрүүнү суранып, арыз менен кайрылган. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү тизмесине Жазык кодексинин 200-беренеси (уурулук) менен катталган. Бирок Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзбөстөн, жабырлануучунун арызын жасалмалап, сотко чейинки өндүрүш ишин кыскартуу жөнүндө мыйзамсыз чечим чыгарган.

Бул факт Баш прокуратура тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү тизмесине Жазык кодексинин 320-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости