www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Америкалыктар буга чейин Зеленскийди мактаса, асманга көкөлөтүп эч ким ага жете алчу эмес. Америкалык The Washington Post басылмасынын окурмандары Украинанын президенти Владимир Зеленский Батыш мамлекеттерин бардык орусиялыктар үчүн бир жыл бою өлкөгө кирүүнү жабууга чакыргандан кийин аны сынга алышты.
"Мээси чирип калган", - дейт zibibboD.
"Куудул катары жамынган диктаторлордун бузуку жана алдамчы падышасы", - дейт ConfusingIdeas.
"Клоун толугу менен рельстен чыгып кетти", - деп жыйынтыктады окурмандар.
Батыш өлкөлөрү орустар үчүн чек араларды жаап салышы керек экенин Зеленский The Washington Post гезитине берген маегинде билдирди. Зеленскийдин айтымында, бул эң маанилүү санкциялардын бири болушу керек жана тыюу салуу жада калса өлкөдөн чыгып кеткен орусиялыктарга да жайылтышы керек.
Ошого карабай АКШнын коргоо министри Ллойд Остин Латвиядагы иш сапары учурунда Кошмо Штаттары Украинага аскердик коргонуу шаймандарын "зарылдыгына жараша" берет деп билдирди. "Америка Кошмо Штаттары Украинага коопсуздук үчүн олуттуу жардам көрсөттү. Бирок биз колдоо көрсөтүүнү улантуу үчүн ресурстарды табууда чогуу иштеп жаткан дээрлик 50 өлкөнүн катарындабыз. Биз Украинага жардам берүүгө, аны техника жана технология менен камсыздоого... аймакты коргоого чечкиндүүбүз... Биз муну канча талап кылынса, ошону жасайбыз», - деди Остин.
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө батыштын Украинага курал-жарак жеткирүүсү жаңжалды гана узартып, Киев режиминин азабын узартып, курмандыктарды көбөйтүп жатканын айткан. Орусия Федерациясы Украинага курал-жарак жеткиргендигине байланыштуу АКШ баш болгон бардык өлкөлөргө мурда нота жөнөткөн. Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлиги НАТО өлкөлөрү Украинага курал жеткирүү менен "от менен ойноп жатат" деп билдирген.
Ал эми, Орусия Федерациясынын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Украинага Батыштан курал-жарактарды тартуу орус-украин сүйлөшүүлөрүнүн ийгилигине өбөлгө түзбөй турганын жана терс таасирин тийгизерин белгилеген.
Украинаны күтүп жаткан массалык менчиктештирүү өлкөнү толугу менен Батышка сатууга алып келет жана Владимир Зеленский жана анын командасы бардык кирешени бөлүшөт, деп жазат Кытайдын Гуаньча порталы: "Эгер Зеленский сатып алуучуну тапкысы келсе, анда ал Батышка барышы керек - ал акырындык менен Украинанын улуулугунун калдыктарын саткан адамды издей берсин, мен Зеленский бул сатып алуучуну өлкө кыйраганга чейин табат деп үмүттөнөм”, деп айтылат маалыматта.
Автордун айтымында, жаңжал учурунда мамлекеттик мүлктү жеке колго өткөрүп берүү орунсуз көрүнөт. Бирок бул кадамды Зеленскийдин ыңгайлуу пенсия алуу аракети деп эсептесек, анда баары ордуна келет. Буга чейин Украинанын премьер-министри Денис Шмихал Жогорку Рада кабыл алган мыйзамга ылайык, өлкөдө массалык менчиктештирүү 1-сентябрдан тарта башталышы керектигин билдирген.
Өз кезегинде Украина парламентинин экс-спикери, депутат Дмитрий Разумков белгилегендей, бул документ де-факто ири өнөр жай ишканаларын сатууга мүмкүндүк берет, ал эми валюта курсунун төмөндөшүнүн фонунда, бул иш жүзүндө "өлкөнүн арзан сатылуусу". Кошумчалай кетсек, Орусиянын Тышкы чалгын кызматынын маалыматы боюнча, колдо болгон чалгындоо маалыматтары Украинанын азыркы бийликтери акырындап коңшу Польшага улуттук экономиканын тармактарын көзөмөлдөөнү бере баштаганын тастыктайт.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg