www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын жетекчисинин орун басары менен маек.
-- Учурда коон дарбыз сезону. Сатып алуучуларга адис катары кандай кеңеш бересиз?
-- “Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясы тарабынан уруксат берилген кагазы барбы?” деп талап кылуу зарыл. Көчөлөрдө, жолдун боюнда дарбыз сатуучулар да көп. Биз буларды жалпы көзөмөлгө алып жатабыз.
Дарбызды алып жатканда чертип көрүп, кестирип даамын сызып алыш керек. Айрымдар дарбыздын жарымын жеп, жарымын сактап коюп жешет. Сактоо мөөнөтү өтүп кетсе дагы адамдын уулануусуна алып келет.
-- Мисалы, алыстан келген дарбызды дүңүнөн алышат. Анан дүкөндөрдө көпкө туруп калат. Булар сатып алуучулар үчүн кооптуубу?
-- Эми дарбыздын бир айга чейин жетилүү убактысы бар. Бир айга чейин муздак жерде турса жакшы эле сакталат.
Биз дүкөндөрдөгү коон-дарбыздарды да көзөмөлдөйбүз. Жогоруда айтылгандай эле дүкөндөрдөн деле санитардык көзөмөлдөн өткөндүгү тууралуу кагазды талап кылсаңыздар болот. Адамдын коопсуздугу өзүнө зарыл. Өздөрү жакшы көңүл буруш керек.
-- Жол жээгинде сатылган дарбыздар ден-соолукка зыян алып келерин адистер белгилеп келишет…
-- Жашылча-жемиштер көмүр кычкыл газын өздөрүнө тез сиңирип алышат. Биологиялык процессте жашылча-жемиштер көмүр кычкыл газын өздөрүнө сиңирип алышат да, кайра кычкылтек бөлүп чыгарышат. Ошондуктан, биз ар убак коон-дарбызды жолдо сатууга тыюу салып келебиз.
Бирок жашоо ушундай, болбой эле сата беришет. Баарын кайра көзөмөлдөөгө биздин кызматкерлер жетишпей калат.
Булак: Азия News гезити