www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Буга чейин «Акшумкар» патриясынын штабын Алтынбек Эргешов жетектеп келген. Бул жигиттин уюштуруучулук жөндөмү күчтүү, аппаратчик катары тажрыйбалуу мүнөзгө ээ болчу. Бирок, Темир Сариев штабдын ишин мындан дагы күчөтүүнү көздөдүбү, айтор, Алтынбектин ордуна Элмира Ибраимованы апкелип, алдыга жылуунун жаңы үлгүсүн көрсөткөнү туру.

Бир четинен бул вариант деле жөндүү. Себеби, Элмира Султановна аялзатынан чыккан чынчыл, чыгаан мамлекеттик ишмер катары бааланат. Анүстүнө «Акшумкардын» штабын аял кишинин башкаруусу дагы коомчулук үчүн жылуу кабылданары шексиз.

Эске сала кетсек, Элмира айымдын атасы Султан Ибраимов жогорку кызматтарды жетектеп, Кыргызстандын түндүк-түштүгүнө тең эмгек сиңирген, өз учурунда эбегейсиз кадыр-баркка ээ болгон инсан болчу. Азыркы улуу муундагылар ал кишинин зоболосун баалап, мамлекет үчүн опол тоодой иштерди жасаганы үчүн сыйлашат. Ток этери, ата баркы аздектүү эмеспи, «Акшумкарга» да жарыгы тийсе керек…

Булак: “Азия Ньюс”

Последние новости