www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аксыда аким талаш

Аксы районунда акимдин орду талашта турат. Район башчылыгына учурда 3 талапкер аттанууда. Акимдин креслосу көздөн учкандар биринен-бири өтүп премьердин жүрөгүнө жетүүчү кычык-кучук жолдорду издешүүдө.

Биринчиси, Жалал-Абад облусунун губернаторунун социалдык маселелер боюнча орун басары Ырысбек Ызабеков. Ырысбек Темирбекович азыркы кызматында 2017-жылдын мартынан бери иштеп келатат. Аксынын Кичи Ак-Жол айылынан болот, 56 жашта.

Экинчиси, Аксы районунун акиминин биринчи орун басары Эмилбек уулу Талантбек. Орун басарлыкта 2016-жылдын октябрынан бери иштейт. Ага чейин Кара-Суу айыл өкмөтүн башкарып келген. Жаңы-Жол айылынан, 46 жашта. Бул талапкерди жергиликтүү тургундар КСДПнын райондогу эң ишенимдүү өкүлү, Икрамжан Илмиянов менен анын аксылык өкүл баласы Каныбек Туманбаевдин жакын адамы катары айтышат.

Үчүнчү талапкер, Кара-Суу айыл аймагынын башчысы Руслан Бекназаров. Айыл өкмөт башчысы болуп 2017-жылдын июль айында жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан шайланган. Ага чейин Тышкы иштер министрлигинде, Жапон элчилигинде жана Акыйкатчынын аппаратында эмгектенген. Кара-Суу айылынын тургуну, 37 жашта.

Үч талапкердин тең дайындалуу мүмкүнчүлүгү бирдей. Бирок, социалдык тармактарда Руслан Бекназаровдун ысымы көбүрөөк аталып жатканын байкоого болот. Анткени ал коомдук ишмер жана демилгелүү активист катары да элге бир топ таанылып калган. Эреже боюнча акимдик кызматка премьер-министр дайындайт.

Аксыны 2017-жылдын башынан бери Масалбек Мырзамамытов башкарып келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости