www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аксыда жаранга ок атып, унаасын айдай качкан жигит кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

2021-жылдын 8-ноябрынан 9-ноябрга караган түнү саат 2:30 чамасында Аксы районунун 1996-жылы туулган А.С. аттуу тургуну Кербен шаарында “ВАЗ 2107” үлгүсүндөгү автоунаасында отурган кезде, Эрнис аттуу бала ок атуучу курал менен 2-3 жолу ок атып, унаасын ээлеп алып, белгисиз тарапка айдап качып кеткендиги тууралуу билдирүү Аксы РИИБинин 102 телефонуна келип түшкөн. Натыйжада А.С. денесинен алган жараатынан улам аймактык ооруканага жаткырылган.

Бул окуя боюнча топтолгон материалдар 2021-жылдын 9-ноябрь күнү Аксы РИИБинин КЖБРне КР Жазык кодексинин 39-130-беренесинин негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Текшерүү иштеринин жүрүшүндө, окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, 4 (төрт) даана октун гильзасы табылып, алар далил буюм катары алынган.

Аксы РИИБинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө окуяга катыштыгы бар жарандардын өздүктөрү такталган. Алар Аксы районунун 1997-жылы туулган М.А. жана А.Н. аттуу тургундары экендиги белгилүү болгон. 2021-жылдын 9-ноябрь күнү М.А. Аксы милициясы тарабынан кармалып, райондук соттун чечими менен 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Ал эми жабырлануучунун “ВАЗ 2107” үлгүсүндөгү автоунаасы Кербен шаарында токтоп турган жеринен табылган. Азыркы учурда окуяга катыштыгы бар А.Н. аттуу жарандын жүргөн жерин аныктап, тергөөгө камсыздоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости