www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстанда узак мөөнөткө эркинен ажыратылган "Ислам кайра жаралуу партиясынын" активисттери Зубайдуллохи Розик менен Рахматуллои Ражаб айып изоляторуна киргизилди.

Рахматуллои Ражабдын жубайы Валамат Иброхимзоданын кабарлашынча, жума башында жолдошу менен телефон арокылуу сүйлөшкөндө ал Тажикстан президенти Эмомали Рахмонго жолдогон каты үчүн карцерге камалганы тууралуу айткан.

Зубайдуллои Розиктун жакындары болсо анын улгайган киши экенин, айып жайында ага кыйын болоорун билдирүүдө. “Түзөтүү мекемелеринде айып изоляторлору өтө кичине, жылуулугу жок жана жарык жетишсиз. Тамактын сапаты начар. Биз алардын тезинен кадимки камераларга которулушун каалайбыз”, - деди Зубайдуллои Розиктин уулу Билолиддин.

Тажикстандын Жаза аткаруу башкармалыгыны кызматкерлеринин бири 11-ноябрда “Озоди” радиосуна билдиргендей, Зубайдуллохи Розик менен Рахматуллои Ражаб колониянын жетекчилиги менен макулдашпай, президент Эмомали Рахмонго кат жөнөтүшкөн. “Бул түрмө режимин бузууга жатат”, - деди ал.

28 жана 25 жылга соттолгон Рахматулло Ражаб менен Зубайдулло Розик Рахмонго жолдогон ачык катында алардын ишине “жашыруун” деген мөөр басылганына карабай, 99 барактан турган өкүм Интернетте жарыяланганын жана эл аралык коомчулук чындыкты билип, аларды саясий туткун катары тааныганын жазган.

”Ислам кайра жаралуу партиясына” 2015-жылы, мурдагы коргоо министринин орун басары Абдухалим Назарзода уюштурган козголоңдон кийин расмий тыюу салынган. Партия өкүлдөрүнө бийликти басып алуу пландарына тиешеси болгон деген айып коюлган. Кыймылдын жүздөн ашуун тарапташтары кармалып, анын ондогон өкүлү эркинен ажыратылган. Жогорку сот партияны террордук уюм катары таануу жөнүндө чечим чыгарган. Партиянын лидери Мухиддин Кабири бул айыптардын баарын четке кагып келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости