www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аксыдагы аксымдык, мүмкүн

КРнын Президенти С.Ш.Жээнбековдун демилгеси менен  акыркы жылдары аймактарды  өнүктүрүүгө басым жасалып келе жаткандыгы коомчулукка дайын. Аймактар жөнүндө сөз болгондо ата бабалардан мурасталып келе жаткан жер ресурстарын максаттуу, туура жана сарамжалдуу пайдалануу маселесине келгенде  ар дайым эле ойдогудай болбой жаткандыгын Аксы районундагы бир мисал да аны айкын далилдеп турат.

Жер сорусу болгон Сары-Челекти кимдер билбейт. Сары-Челек биосфералык коругу – 1959-жылы уюшулуп, 1979-жылы ЮНЕСКО тарабынан биосфералык коруктардын эл аралык тармагына киргизилген. Коруктун негизги максаты – уникалдуу жаңгак токоюнун комплексин, кооз көлдүн тегерегиндеги кайталангыс ландшафты сактоо жана изилдөө. Аянты 23,8 миң га, анын ичинен көл ээлеген аянт 492 га. жаңгак токою ээлеген аянт - 1600 га. Сары –Челек коругу - миңден ашык өсүмдүктөрдүн, 40 тан ашык жапайы жаныбарлардын жана 150дөн ашык канаттуулардын  ар кыл түрлөрү мекендеген керемет чөлкөм.

Көрүнүп тургандай Сары-Челек коругуна СССРдин учурунда эле өзгөчө маани берилип келген.  Кыргызстанга чет жактан жогорку даражалуу коноктор келсе Ысык Көлдөн кийин эле эң кооз-керемет аймак катары Сары-Челек менен тааныштуруу-ошол мезгилден келаткан салт. Ал убакта коруктун ишине мамлекеттик маани берилип, мыйзам-тартип бекем болгон.

Эгемендик жылдардын өз артыкчылыктары менен бирге, иретке сала турган “ийри-буйру” иштери да арбын болууда. Аксыдагы бир коруктун мисалынан чыга турган болсок, кээ бир көйгөйлөрдү жергиликтүү жетекчилер жеринде чечүүнүн ордуна  “корукчу коон түгөтөт”  дегендей өздөрү мыйзам бузуулардын башында тургандыгын айта кетели. Мисалы: Сары-Челек коругунун директорунун орун басары Шабданов Куштарбек 2010-2011-жылдары  токойчуларды уюштуруп, санитардык-тазалоо иштерине шылтоолоп, көп жылдык көйкөлүп өскөн жаңгак токойорду, дарак-карагайларды ашыкча кыйып жибергендиги үчүн КРнын Токой чарба Агенттигинин коллегиясында кызматтан алынган. Кесиби боюнча да аткарган кызматына төп келбегендигине жана ишиндеги одоно кемчилдиктери үчүн жумуштан кеткендигине карабастан  К.Шабданов 2015-жылы КРнын токой чарба агенттигинин жетекчилиги тарабынан эмес, түшүнүксүз жолдор менен Токой чарба департаментинин жетекчисинин буйругу менен кайрадан мурдагы кызматына келип орношкон.

Айрыкча акыркы беш жылда Корукта ички тартип сакталбай, жерлерди арендага берүү, пайдалануу маселесинде мыйзамсыз иштерге жол берилип, баш аламандык кадам сайын жолуккандыктан, коомчулуктун талабы менен Коруктун жетекчилигинде өткөн жылы жаңылануулар болгон. Э.К.Ормоналиев кызматтан кетип, кыска убакытка Коруктун директорлук кызматын К.Шабданов аткарып калган учурда эски адаты тутуп, жасалма документтерди жасап, Жоромырза уулу Тилектин пайдасына өткөн күн менен мурдагы директордун колу коюлган келишимди даярдап, аны эч жерде каттабастан экинчи тараптын колуна берет. Бүгүнкү күндө мыйзамсыз, жасалма документке таянып, Тилек мырза дарактарды кыйып, таш-шагылдарды түшүрүп, боз үй, тапчандарды орнотуп киргендигине тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан көзөмөл жүргүзүлбөй жатат.

Акыркы жылдары Сары-Челекке келген сырткы-ички туристтердин санынын көбөйгөнү жакшы көрүнүш болду. Бирок, алардын эс алуу менен кошо жашоо шартын түзүү, маданий-социалдык жактан тейлөө  жагында оркойгон кемчилдиктер толтура орун алууда. Эң жөнөкөй ажатканалар жетишсиз, атайын таштанды идиштер  тийиштүү жерлерге коюлбаган. Өрт коопсуздугунун талаптары жакшы сакталбаган. Жолдору өтө эле тар болгону аз келгенсип, талапка ылайык оңдолбогон.

Киреше булактарды ачык көрсөтүү жана аны максаттуу пайдалануу боюнча айкындуулук жана отчеттуулук жетишпейт. Илгертен элдин энчин жеп көнүп алышкан коруктун конторасындагы директордун орун басары Шабданов Куштарбек башында турган аппараттын 2-3 кызматкерлери кайдан жетекчи келсе да өздөрүнүн жазылбаган эреже-мыйзамына баш ийдирүүгө аракет жасашат, же жаманатты кылып кетирип тынышат. Азыркы жетекчи Э.Токобаевдин келгенине салыштырмалуу аз эле болсо да жаңы демилгелер менен иштөөгө “опытный” орун басар алдыртан бут тосууларды уюштуруп келет.  Мисалы: ошол талаш болуп жаткан жерге көбүрөөк моралдык укугу бар Болотбек Дубанаевдин арыз-каттарын (№01/79  25.06.19) атайын каттоого албай, директордун көрсөтмөсүн убагында аткарган эмес. Ушундай эле кат Аксы районунун мамадминстрациясынын башчысы-акими Ы.Р.Досбаевге да жазылган эле.

Убактылуу арендега пайдалана турган жерге  конкурс өткөрулүп, долбоорлордун кайсынысы элге пайдалуу жана мыйзам талабына туура келери  жөнүндөгү  маселени жергиликтүү бийлик  өкүлдөрү калыс, адилет, ачык чечпесе  ушул сыяктуу  будамайлоо уланып, жалпы ишке кедергисин тийгизет. Бул маселеге жакында дагы бир жолу кайрылып, журналисттик иликтөөбуздү уланта тургандыгыбызды билдирүү менен азырынча чекит койбой турууну туура көрдүк

 

 

Последние новости