www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чет өлкөдөгү кыргызстандыктарды азырынча мекенге алып келүү мүмкүн эмес. Бул тууралуу тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев брифинг учурунда билдирген.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө 42 мамлекетте Кыргызстандын жарандары бар. Азыркы тапта көп мамлекеттер кыймылга чектөө коюшкандыктан, туруктуу жана чартердик авиакаттамдарды уюштуруу азыркы учурда мүмкүн эмес.

Ошондой эле аэропорттордо жана чек араларда мекенге келе албай жаткан жарандарга элчиликтер, кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү жана эл аралык уюмдар тарабынан кеңеш жана жардамдар көрсөтүлүп жатканын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости