www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин демилгеси менен Асы жана Ала-Бука райондорунда социалдык мааниге ээ болгон айыл чарба продукцияларынын кезектеги азык-түлүк жарманкеси уюштурулду.

Аталган жарманке райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктары тарабынан уюштурулду. Иш-чаранын алкагында жергиликтүү тургундарга эт азыктары, жашылча-жемиштер, ун, май, шекер жана башка негизги азык-түлүк түрлөрү жеткиликтүү жана туруктуу баада сунушталды.

Жарманкеге жергиликтүү дыйкан-фермерлер жана өндүрүүчүлөр активдүү катышып, өз продукцияларын ортомчусуз түз сатууга мүмкүнчүлүк алышты. Бул өндүрүүчүлөр менен керектөөчүлөрдүн түз байланыш түзүүсүнө өбөлгө болуп, калк үчүн азык-түлүк бааларынын төмөн болушуна шарт түздү.

Иш-чаранын негизги максаты — калкты сапаттуу жана коопсуз азык-түлүк менен камсыз кылуу, социалдык мааниге ээ азык-түлүктөрдүн бааларынын турукташуусуна көмөк көрсөтүү жана ички рынокту колдоо болуп саналат.

Белгилей кетсек, учурда республика боюнча азык-түлүк коопсуздугу толук камсыздалган. Социалдык мааниге ээ азык-түлүк товарларынын запастары жетиштүү көлөмдө болуп, өлкө аймагында азык-түлүк тартыштыгы жок. Бул багытта министрлик жана тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан рынокко туруктуу мониторинг жүргүзүлүп, калкты үзгүлтүксүз камсыз кылуу иштери улантылууда.

Мындай азык-түлүк жарманкелери мындан ары да өлкөнүн бардык аймактарында үзгүлтүксүз өткөрүлүп, калкты колдоо иштери улантылмакчы.

Последние новости