www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев бүгүн, 30-январда, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссияга караштуу “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин базасында эл аралык компьютердик тест пунктунун салтанаттуу ачылышына катышты.

Ачылыш аземине ошондой эле Президенттин Администрациясынын, Министрлер Кабинетинин, Жогорку Кеңештин, National Educational Network (NEN) эл аралык компаниясынын, Улуттук илимдер академиясынын, Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын өкүлдөрү жана башкалар катышты.

Мамлекеттик катчы иш-чаранын жүрүшүндө "Кыргызтест" мамлекеттик мекемесинин базасында эл аралык компьютердик тест пунктунун ачылышы мамлекеттик тил саясатын ишке ашыруудагы маанилүү кадам экенин белгиледи.

Иш-чаранын алкагында эл аралык компьютердик тест пунктунун ишмердүүлүгү, анын техникалык мүмкүнчүлүктөрү жана эл аралык кызматташтыктын алкагындагы негизги багыттары жөнүндө презентация көрсөтүлдү. Катышуучулар ошондой эле тесттен өтүү процесси менен таанышышты.

“Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин базасында ачылган эл аралык компьютердик тест пункту жарандарга заманбап талаптарга жооп берген тестирлөө кызматтарын көрсөтүүгө, ошондой эле мамлекеттик жана эл аралык деңгээлде таанылган баалоо механизмдерин ишке ашырууга багытталган.
