www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Француз илимпозу жана антрополог Эммануэль Тодд, СССРдин кулашын 1976-жылы так алдын ала айткан адам катары белгилүү. Анын акыркы билдирүүлөрү Батыш дүйнөсүнүн жакын арада кулай турган абалга баратканы тууралуу айтыла баштады. Тодддун ою боюнча, азыркы учурда Батыштын руху толук жоголгонун АКШнын саясаты көрсөтүп турат.
Гренландия окуясы: Батыштын “жоголгон руху”
Тодддун пикири боюнча, Гренландияны “экспроприациялоо” боюнча Трамптын талаптары жана Европанын жооп иш-аракеттери Батыштын кандайча “акылын жоготконун” көрсөтүп турат. АКШнын НАТОго жетекчилик кылуусу, Гренландиядагы америкалык база жана ошол эле учурда Трамптын Даниядан Гренландиянын суверенитетин талап кылышы, Батыштагы союздардын ортосундагы ишенимдин бузулушунун символу.
Европа өлкөлөрү өздөрүнүн “достору” АКШ менен келишпестикте туруп, Гренландияга бир нече жоокер жөнөтүп, “Россия кол салып жатат” деген шылтоолор менен кооптонуусун билдиришет. Тодддун пикиринде, бул күлкүлүү гана эмес, ошондой эле Батыштын кризисинин чыныгы көрүнүшүн чагылдырат.
Германиянын туңгуюкта
Тодддун көз карашында Европа 2007-2008-жылдардагы финансылык кризистен кийин Германиянын үстөмдүгү астында калган. Учурда Германиянын өзү кайда барарын билбей турат. Мурда Шольцтун тушунда Германия АКШнын согуштук кыялдарына каршы туруп, тең салмакты сактоого аракет кылган. Бирок тартипти жана дисциплинаны жакшы көргөн немистер 2025-жылы Фридрих Мерц бийликке келгенден кийин, Германия АКШ менен бирге “күчтүү” позицияны карманууга даяр болуп калды.
Батыштын кулашы “Коммунизмдин кулашына” окшош
Тодддун айтымында, Батыштын кулашы СССРдин кулашына окшош масштабда болуп өтөт. Азыркы учурда Батыштын күчү акырындап төмөндөп баратат. Бирок Тодд бул процесс азыр “өлүм алдындагы” стадияда болбосо да, жакын арада олуттуу өзгөрүүлөр болорун белгилейт.
АКШда билим деңгээлинин төмөндөп кетиши, экономикадагы өнүгүүнүн токтоп калышы жана өндүрүштүн калыбына келбеши, өлкөнүн тезирээк кулашына алып баруучу факторлор.
Өндүрүштөн “каракчылыкка” өтүү
Трамптын Венесуэла жана Гренландия сыяктуу өлкөлөргө карата агрессивдүү саясаты АКШнын ички кризисинен келип чыккан. Тодддун сөзү боюнча, Америка өзүнүн өнөр-жай өндүрүшүнө таяна албай, ресурстарды “күч менен ээлөөгө” өтүп жатат. Мурда өлкө өнүгүүнү жана өндүрүштү негизги стратегия катары көргөн болсо, азыр “даярды басып алганга” басым жасап жатат.
Тодддун пикири боюнча, АКШ Россия менен аскердик, Кытай менен экономикалык талаада жеңилип калганын мойнуна алып, азыр өзүнүн “ашкере ачуусун” союздаштарынан жана өзүнүн таасир аймагындагы өлкөлөрдөн чыгарып жатат.