www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2025-жылы дүйнөлүк алтынга болгон суроо-талап геосаясий жана экономикалык туруксуздук шартында рекорддук көрсөткүчкө жетип, 5002 тоннага чыкканын Дүйнөлүк алтын кеңеши 29-январда жарыяланган отчетунда билдирди. Бул тууралуу «NazarNews» агенттигине Кытайдын «CCTV-plus» агенттиги маалымдады.

Дүйнөлүк алтын кеңешинин (WGC) жылдык отчетуна ылайык, бул белгисиздик алтынга болгон ири инвестицияларды шарттап, жалпы суроо-талаптын наркы тарыхта болуп көрбөгөндөй 555 миллиард АКШ долларына жетти. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 45 пайызга көп.

Ошол эле учурда инвестициялык суроо-талап 2175 тоннага жетип, бул көрсөткүч коопсуз активдерге болгон кызыгуунун өсүшү менен түшүндүрүлөт. Инвесторлордун жигердүүлүгүнүн натыйжасында алтындын баасы унциясына 5500 доллардан ашып, рекорддук деңгээлге чыкты.

Физикалык алтын буюмдарына — куймаларга жана тыйындарга болгон суроо-талап да туруктуу болуп, дүйнөлүк сатып алуулар 1374 тоннаны түзүп, алардын жалпы баасы 154 миллиард долларга жетти.

Алтын зер буюмдарына болгон дүйнөлүк суроо-талап 18 пайызга өсүп, 172 миллиард долларга жетти. Бул алтын зер буюмдарынын сатып алуучулар үчүн өзгөчө баалуулугун сактап турганын көрсөтөт.

Келечекке карата божомолунда WGC 2026-жыл ичинде да суроо-талап жогорку деңгээлде сакталат деп күтөт, анткени геосаясий жана геоэкономикалык көйгөйлөр чечилбей турганы айтылат.

Последние новости