www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аксы районундагы жергиликтүү кеңештин депутаты айылдын тургуну Бекберди Аманбековду сабап, башы-көзүн жарып салган. Бул тууралуу маалыматты атын атагысы келбеген жергиликтүү жаран билдирди.

Аксынын жоон билек депутаты Бекберди Аманбековду көк-ала койдой сабап, анысы аз келгенсип төрт жүз (400) миң сом акчасын тоноп алган. Учурда сабалган жигиттин абалы орто, баш сөөктөрү сынып кеткен. Биздин мамлекетте мыйзам иштебейби же иштебейби билбеймин. Дегеле кандай заманда жашап жатканыбыз түшүнүксүз?! Тилекке каршы болуп өткөн окуяга Аксы райондук ички иштер бөлүмү талап-тоноочулук эмес, бейбаштык беренеси боюнча иш козгогон, – дейт жергиликтүү жаран.

Тактоо үчүн: Окуянын чоо-жайын окурмандарга кабарлайбыз. 

Последние новости