www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму (ДССУ) жаңы типтеги коронавирустун (Ковид-19) эпидемиясы бүтө электигин, азайганы менен миллиондогон жаңы учурлар дагы эле байкалып жатканын жарыялады. Бул тууралуу трт.нет билдирди.

ДССУнун басма сөз катчысы Маргарет Харрис, уюмдун Швейцариянын Женева шаарындагы кеңсесинде Түркия радио жана телеберүү мекемесине (TRT) билдирүү жасады.

Эпидемия сөзсүз бүтө электигин билдирген Маргарет Харрис:"Мен өткөн жумада оорулардын азайгандыгын кабыл алам, бирок биз дагы эле миллиондогон жаңы учурларды көрүп жатабыз. Өткөн аптада эле 90,000 адам коронавирустан каза болду",-деди.

"Эпидемияны жарыялоодо кечигүү болдубу?" деген суроого жооп берген Харрис бул эң башаламан маселелердин бири экенин белгиледи.

Харрис: "Чынында, биз жарыялаган нерсе  саламаттыкты сактоо боюнча эл аралык өзгөчө кырдаал декларациясы жана биз январдын аягында бул декларацияны жасадык, бул коңгуроонун эң жогорку деңгээли болду. Эми сиз бизди үнүбүздү катуурак чыгарбаганыбыз үчүн күнөөлөй аласыз, бирок ошол күндөрү ДССУ күн сайын үзгүлтүксүз маалымат жыйындарды өткөргөнү жакшы эсимде",-деди.

"ДССУнун Кытай менен болгон мамилесинен улам, коронавирустун булагы изилденген жок беле?" деген суроого жооп берген Харрис бул албетте туура эмес экенин айтты.

Эпидемия абалында кечиктирбегендерин же жашынбагандарын белгилеген Маргарет Харрис:"Бизге 190дон ашуун мамлекет мүчө жана биз үчүн алардын бардыгы бирдей статуска ээ. Биздин мүчө мамлекеттер менен жолугушууларыбыз, албетте, купуя сакталат. Анткени бул дипломатиялык мамиле",-деп айтты.

Басма сөз катчысы Харрис Түркиянын эпидемия процессинде тажрыйба жана маалымат бөлүшүүсүн мактады.

Последние новости