www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Франция өкмөтү ишкер Павел Дуровго карата бардык саякат чектөөлөрүн толугу менен алып салды. Бул тууралуу Bloomberg агенттигибилдирди.
Булактын айтымында, Дуров "соттук көзөмөлдүн талаптарын толугу менен аткарган" жана үч жолу суракка алынган. Эми ал Франциядан эркин чыга алат жана жергиликтүү полиция бөлүмүнө үзгүлтүксүз каттоодон өтүү милдетинен бошотулган.
Эске салсак, Дуров өткөн жылдын август айында Париж аэропортунда камакка алынган. Башында ага өлкөдөн чыгууга тыюу салынган, бирок ушул жылдын июнь айында чектөөлөр жумшартылып, ишкерге Дубайга барууга уруксат берилген.
Ал Telegramдын контентти жетиштүү деңгээлде модерациялоодон баш тартуусу жана Франциянын укук коргоо органдары менен кызматташуудан баш тартуусу боюнча тергөөнүн алкагында кармалган. Дуров терроризмге, баңгизатка, алдамчылыкка жана балдарга каршы кылмыштарга байланыштуу айыптар менен соттолушу мүмкүн эле.
Бирок, Дуров платформа колдонуучулары жасаган кылмыштар үчүн өзүн күнөөлөөнү логикага сыйбайт деп эсептей турганын айтты.
«Колдонуучулардын аракеттери үчүн ири платформанын жетекчисинин камакка алынышы болуп көрбөгөндөй гана эмес, юридикалык жана логикалык жактан да абсурд. Бир жылдан кийин да алар менин же Telegramдын туура эмес иш кылганын далилдеген эч кандай далил таба алышкан жок», - деди ал.
2024-жылдын декабрь айындагы сурак учурунда Дуров полицияга Telegramга коюлган айыптоолордун олуттуулугун «толук түшүнгөнүн» жана мессенджер «кылмышкерлер үчүн жаралбаганын» айткан. Ал ошондой эле Telegramдагы мындай колдонуучулардын үлүшү бир аз көбөйгөнүн мойнуна алып, бул маселени чечүү үчүн кошумча чаралар көрүлүшү керектигин айткан.
Bloomberg маалыматы боюнча, Дуровдун байлыгы 14,7 миллиард долларга жеткен - ушул жылдын башынан бери ал 3,71 миллиард долларга көбөйгөн. Ал Bloomberg Billionaires Index рейтингинде 196-орунда турат.
Шехроз Жалгашев, Ташкен