www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Салмагың кандай саясатчы?
Дал ушундай рубриканын негизинде Кыргызстандын саясатында мамлекеттик жана коомдук иштерге активдүү аралашып жүргөн саясатчылардын, мамлекеттик ишмерлердин бейнеси тууралуу кыскача сүртүмдөрдөн берип туралы дедик. Бул жолку каарманыбыз – Жоомарт Оторбаев.
Жоомарт Оторбаев – илимпоз, экономика жаатында билимдүү жана эл аралык тажрыйбага ээ мамлекеттик ишмер катары белгилүү. Учурда Оторбаевдин дымы чыкпайт. Коомдук маанилүү саясий, экономикалык окуяларга үн каткандан чочулап, коңулда жаткандай... Чээнден качан чыгат белгисиз? Ал кайра мамлекеттик кызматка келеби же келбейби, аны убакыт көрсөтөт. Дегенибиз, “элчи болот элем” деген кыялы тууралуу сөздөр маалымат булактарында жазылып жатат. Бирок коом бүгүн кызматка эмес, чындыкка күйгөн инсандарды күтүүдө.
Албетте, билимдүү жана эл аралык чөйрөнү жакшы билген кадр катары анын мүмкүнчүлүгүн баалагандар да жок эмес. Бирок анын премьер-министр болуп турган мезгилинде, коомчулукта ар түрдүү кескин сын-пикирлер арбын айтылган. Кээ бирлер анын башкаруусунда күтүлгөн реформалар толук ишке ашпай калганын белгилешет.
Чынында учурунда укмуш билимдүү, болуп көрбөгөндөй реформа жасайт деген оодалар айтылып, тилекке каршы, премьер-министр болгондо ишти тарта албай койгону элдин эсинен кете элек.